Аялын өлгүчө сабаган. Күйөөсү шектүү катары кармалды
RU

Аялын өлгүчө сабаган. Күйөөсү шектүү катары кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунда ден соолукка оор залал келтирген деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-декабрда милицияга аймактык ооруканадан ар кандай жаракаттарды алган аял алып келингени тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери аялдын өздүгүн тактап, 1980-жылы туулган К.Э экенин аныкташкан. Ал эсине келбей каза болгон.

Кылмышка шектелип анын күйөөсү, 1973-жылы туулган Б.К. кармалды.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш мас абалында жубайлардын ортосундагы чырдын негизинде жасалган: эркек киши аялын катуу сабаган.

Шектүү Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Экспертиза дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4761