"Муунтканда балдар ыйлап, апамды өлтүрбө деп ыйлашчу". Жабыркаган аялдын окуясы
RU

"Муунтканда балдар ыйлап, апамды өлтүрбө деп ыйлашчу". Жабыркаган аялдын окуясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы Майрамды (аты өзгөртүлгөн) күйөөсү тынч койбойт. Ал бир нече жыл Майрамды жана үч баласын сабап келген. Бул окуяны зомбулук коалициясынан айтып беришти.

"Кыйкырбасын деп оозума байпак тыгып, колумду сындыра коеюун деп кайрып. Муунтуп жаткан жеринен балдар кыйкырып "Ата! Апамды өлтүрбө деп ыйлап!" дегенде аларды ыргыта чаап. Баргыла, комнатаңардан чыксаңар, силерди да өлтүрөм дечү", - деп Майрам айтып берди.

Майрам үч баласы менен күйөөсүнөн качып чыккан. Коңшулары "Сезим" кризистик борбору тууралуу билип, жардам беришкен.

"Жабыркаган келиндин психологиялык травмалары бар. Ал аябай кыйналды, эки күн төшөктөн туралбай жатты", - дейт "Сезим" кризистик борборунун кызматкери Анара Омуркулова.

"Крокодил учабы?" деп сураганда "учат" деп турушум керек болчу да. Анан "Сиздики туура, жаным" деп жата калып таманынан өбүшүм керек болчу. Ошого да баргам" - деп Майрам окуясын улантты.

Дарыгерлдер Майрамдын жана анын балдарынын бир нече жери сынганын аныкташты. Бардык балдардын мээси чайкалып калган. Учурда алар дарыланып жатышат.

"Кыргызстанда күндө аялдарды уруп, зордукташат. Статистика боюнча көп учурда жакындар сабашат. Алар бардыгына чыдап, зомбулук көрсөткон жакындары менен бирге жашоого аргасыз", - деп Коалициядан маалымдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4751