Акылбек Жапаров "Кумтөрдөн" түшкөн кирешенин азайышына комментарий берди
RU

Акылбек Жапаров "Кумтөрдөн" түшкөн кирешенин азайышына комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин "Кумтөрдөн" өлкөнүн бюджетине 2,5 млрд түшпөй калда деген билдирүүсү боюнча журналисттерге комментарий берди.

"Бир жолу россиялык мамлекет башчы бири стакандын бөкмө экенин көрсө, башкасы стакан жартысына чейин толтурулганын көрөт. Маалымат - ушундай нерсе экен, ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүно жараша чыгарат, жана кабыл алат. Ар дайым эле тиги же бул маалыматка комментарий берүү оор. Менимче финансы министри бардыгын өзү түшүндүрөт", - деди төрага.

Акылбек Жапаров акыркы айдын ичинде "Кумтөр" боюнча бардык пландар толук көлөмдо ишке ашырыла турганына ишенгенин билдирди.

"Кумтөр" боюнча бардыгы жайында. Салык толугу менен төлөнүп жатат. 12 айда жакшы кенге жетишти. Эсиңерде болсо, суу карьерди каптап кетиптир деген маалымат чыккан. Азыр ал суу жок. учурда 1,5 тонна сапаттуу алтын бар. Алар ошого жетишти. 12 айда бардык планды аткарышат деп ишенем", - деди ал.

Эске салсак, кечээ Финансы министрлиги "Кумтөр голд компани" ААКтан бюджетке 6 млрд 998,8 млн сом түшкөнүн маалымдашкан. Өткөн жылга салыштырсак, анда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө "Кумтөр голд компани" ААКтан 9 млрд 618,7 млн сом түшкөн. Ошол эле учурда жылдык план 9 млрд 113,7 млн сом болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4779