"Альянс" партиясы Жанар Акаевдин мандаты үчүн БШКны сотко берет
RU

"Альянс" партиясы Жанар Акаевдин мандаты үчүн БШКны сотко берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясынын мандаттар жана резервациялоо боюнча чечими күмөн саноолорду жаратууда. Ошого байланыштуу "Альянс" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын жакынкы аралыкта сотко берет. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына "Альянс" партиясынын теңтөрагасы Мирлан Жеенчороев билдирди.

Эске салсак, киргизилген оңдоого ылайык, партия жети мандат ала турган болсо, аял кишилерге үч мандат берилет. Бирок буга чейин эки болчу. Бул өзгөртүү "Альянс" партиясына түздөн-түз таасирин тийгизет. Анткени Жанар Акаевге тиешелүү мандат Токтобүбү Оргалчага өтүп жатат. Ал партиядагы аялдардын ичинен добуштардын саны боюнча үчүнчү орунда.

"БШКнын чечими күмөн саноолорду жаратууда. Анткени бул токтом партия боюнча жыйынтыктар чыккандан кийин кабыл алынды. Дегеле, дшайлоо өткөрүлгөндөн кийин кабыл алынып жатат", - дейт Жеенчороев.

Оюн бүткөндөн кийин оюндун шартын өзгөртүүго болбойт.

Анын айтымында, БШК өзү укуктук-нормативдик актыларды түзүп, аларды добуш аркылуу кабыл алат.

Жеенчороевдин пикири боюнча бул чечим шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүу болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4788