Садыр Жапаров журналист, бизнесмен жана маданият кызматкерлерине каршы футбол ойнойт
RU

Садыр Жапаров журналист, бизнесмен жана маданият кызматкерлерине каршы футбол ойнойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет.

Беттештерге Президенттин Администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.

Оюндар "Спорт" (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылат.

Түз эфир башталышы - 13:45.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4804