Жергиликтүү бийлик: Эл Жапаров менен Ташиевди жакшы көргөндүктөн көчөгө тизилип алган
RU

Жергиликтүү бийлик: Эл Жапаров менен Ташиевди жакшы көргөндүктөн көчөгө тизилип алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузак районунун жана Барпы айылынын администрациясы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылга келип кетүүсү боюнча комментарий беришти.

Райондун акими Баратбек Сыдыкназаровдун айтымында, калк өз каалоосу менен президенттик кортежди тосуп алууга чыккан.

"Бул элдин демилгеси. Дем алыш күн болчу. Азыр мурунку заман жок, элди кыйнай албайсың. Биз элге түшүндүрүп айттык, президент токтобойт, эл чогулса деле жөн гана өтүп кетет, деп. Бирок айылдыктар токтоп, эл менен учурашат деп ойлосо керек. Айыл аксакалдары силердин тиешеңер жок, биз Камчыбек Кыдыршаевич менен Садыр Нургожоевичти жакшы көрөбүз. Биз ушинтип сый урмат көрсөттүк дешти. Айыл өкмөтү мугалимдерди, бюджетниктерди кантип чыгарат? Жөн гана эл сый-урмат көрсөттү", - деди райондун акими.

Барпы айылынын башчысы Нурлан Сейитбековдун айтымында элдер өздөрү тизилип алышкан.

"Биз азыр тактап атабыз. Кечээ, президентти Барпы айылына келет экен, мечитке келет, президентти көрөбүз, деп элдер чогулуп атыптыр. Мен бул жерде эмне турасыңар, бул жерге турбагыла дедим. Анан эл, жок, президентти кандай киши экенин көрөлү, мамлекетти көтөрүп жатса, жакындан көрөлү, токтоп калса, сүйлөшөлү дешти. Мен кетип калгам. Айыл өкмөттү бюджетниктер укпайт. Мугалимдер, дарыгерлер бизден көз каранды эмес. Биз аларды мажбурлай албайбыз", - деди Сейитбеков.

Ал эми жолдун боюнча тизилип алгандарга ким желек тараткан деген суроого "дүкөндөн сатып алшса керек" деп жооп берди.

Эске салсак, кечээ, 19-декабрда президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барып, бир катар объектилерге баш баккан. Ошондой эле Барпы йылындагы Чубак ажы Жалилов атынжагы мечитке да барышкан. Барпы айылы Камчыбек Ташиевдин кичи мекени.

Социалдык тармактарга видео жайылып, анда элдер жолдун эки тарабына катар тизилип алып, өтүп бараткан кортежди желектери менен булгалап тосуп алганын көрүүго болот. Айрым маалыматтар боюнча бул жергиликтүү бийликтин буйругу болчу. Президенттин администрациясы окуянын чоо-жайы иликтенет деп убада берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4845