Быйыл канча ымыркайга Айсулуу, Мээрим жана Акжол деген аттар коюлду?
RU

Быйыл канча ымыркайга Айсулуу, Мээрим жана Акжол деген аттар коюлду?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл Токиодо өткөн Олимп оюндарында байгелүү орундарды ээлеген спортчуларыбыз Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, жана Акжол Махмудовдун урматына миңдеген ымыркайларды аташты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Калкты каттоо департаментиндеги маалыматтарга ылайык, Акжол деп 414 уулдун атын коюшкан, 323 кызды Айсулуу деп аташса, 374 кызга Мээрим деген ысымды ыйгарышкан. Андан тышкары, быйыл 279 Айпери деген кыз жарык дүйнөгө келди.

Эсиңерде болсо дүйнө чемпиондорунун урматына күзүндө туулган үч эм кызды да Айсулуу, Айпери жана Аймээрим деп аташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4855