Атамбаев бүгүн чыкпайт. Бөгөт чарасы 17-январда каралмай болду
RU

Атамбаев бүгүн чыкпайт. Бөгөт чарасы 17-январда каралмай болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотуу кылмыш иши боюнча сот отуруму 2022-жылдын 17-январында каралмай болду. Анда Алмазбек Атамбаев негизги айыпталуучу катары өтүүдө.

Эске салсак, Жогорку соттун алдына мурунку президенттин тарапташтары чогулган.

Адвокат Сергей Слесаревдин айтымында, отурумду Алмазбек Атамбаевдин мүлкү менен кошо анын да мүлку конфискацияланып кеткен жарандын юристи суранган.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы "айыккыс илдетке чалдыкты" деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Атамбаев бул ишке байланыштуу ошол жылдын августунда Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4878