Акча опузалады деп айыпталып жаткан Улан Джураев бошотулду
RU

Акча опузалады деп айыпталып жаткан Улан Джураев бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Улан Джураев Мелис Аспеков экөө акча опузалады деген шектөө менен камакка алынган болчу. Бүгүн Джураевдин бошотулганы белгилүү болду. Бул тууралуу Kaktus.media'га күч структураларындагы жеке булактар маалымдашкан.

Белгилүү болгондой, Джураев тергөө менен келишим түзүп, соттун чечими менен камактан бошотулду.

Ал эми Джураев менен бирге камакка алынган Мелис Аспековдун СИЗОдо калганы айтылууда.

Эске салсак, Джураев жана Аспеков "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен $250 доолады деген шек менен кармалган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/494