$250 миң опузалады деп жарандык активисттер Мелис Аспеков жана Улан Джураев шектелүүдө
RU

$250 миң опузалады деп жарандык активисттер Мелис Аспеков жана Улан Джураев шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жарандык активист Мелис Аспеков жана блогер Улан Джураев $250 миң опузалады деген шек менен камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media'га күч структураларынын кызматкерлери маалымдашты.

Алардын айтымында, кечээ, 8-январда, УКМКнын Антикоррупциялык кызматы "Кыргыз Темир Жолу" УК Мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылды деп шектелген Улан Джураев менен Мелис Аспековду кармашты.

УКМКнын расмий таркаткан маалыматында М.А. жана У.Д аттуу жарандар Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.

Анын жыйынтыгында "Кыргыз Темир Жолу" Улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү максатында М.А. жана У.Дга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын бергенге аргасыз болушкан.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланууда, деп пресс-релизде жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/329