"Мыйзам боюнча иштеш керек!" Жаңы парламенттин биринчи жаңжалы
RU

"Мыйзам боюнча иштеш керек!" Жаңы парламенттин биринчи жаңжалы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин биринчи жыйынында ызы-чуу чыкты.

Жыйынды алып барган Шарапаткан Мажитова депутаттар фракцияларга жана депутаттык топторго чогула аларын айтып, партиялардын өкүлдөрүнө сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берди.

Биринчи болуп трибунага Бакыт Төрөбаев чыкты. Анын айтымында, "Ата Журт Кыргызстан" фракциясында 33 депутат бар:

  • Төрөбаев Бакыт Эргешевич;
  • Исмаилов Фархат Даткабаевич;
  • Сарыбашов Таалайбек Насирбекович;
  • Маткеримов Айбек Тураталиевич;
  • Токторбаев Жеңишбек Шермаматович;
  • Сулайманов Эльдар Нурланович;
  • Сабиров Равшанбек Азатович;
  • Садырбаева Жылдыз Эсенбековна;
  • Козуев Алишер Абибиллаевич;
  • Кыдыкбаев Жаныбек Султанович;
  • Масабиров Талайбек Айтмаматович;
  • Исаева Жамиля Кубанычбековна;
  • Нарматова Надира Азимовна;
  • Талиева Камила Абдыразаковна;
  • Култаева Гүлшаркан Оконовна;
  • Матраимов Искендер Исмаилович;
  • Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич;
  • Турсунбаев Азиз Атакозуевич;
  • Сулайманов Кундузбек Кошалиевич;
  • Сыдыков Бакыт Усенович;
  • Данияр Эрмекович Төлөнов;
  • Ырысбек Ысламович Атажанов;
  • Алимбеков Нурбек Каарыевич;
  • Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич;
  • Шакиев Нурланбек Тургунбекович;
  • Коргонбай уулу Жусупбек;
  • Примов Улан Бердибаевич;
  • Алтынбеков Айбек;
  • Ханджеза Карим Лемзарович;
  • Осмонов Айбек Жапарович;
  • Бакасов Улан Болотбекович;
  • Абиров Жаныбек Болотбекович;
  • Саккараев Медербек Жаманкулович.

Андан кийин Марлен Маматалиев чыгып, "Ынтымак" фракциясынын курамы боюнча маалымат берди.

Бирок, Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин Регламентинин 10-беренесинде фракция бир партиянын өкүлдөрүнөн турат деп жазылганын айтты.

"Кесиптештер көп депутаттардын атын аташты. Анда регламентти өзгөрткүлө, өзгөртүүдөн кийин гана каалаганыңарды киргизе аласыңар", - деди ал.

Адахан Мадумаров ант берүү учурунда депутаттар мыйзамдарды, Конституцияны сактай турганын айтышканын белгиледи.

"Регламентте, биринчи жыйын ант бергенден кийин жабылат деп жазылып турат. Андан кийин эч нерсе болбошу керек. Кээ бир депутаттарды биринчи жолу көрүп жатабыз, бирок кээ бирлерине окшоп соодалашкан жокпуз" - деп баса белгиледи депутат.

Анын пикирине Бакыт Төрөбаев да кошулду. "Ооба, сессияны жабуу керек эле, сессияны туура, регламент боюнча өткөрүү керек болчу", - деп, сессияны жабууну сунуштады да, бир аздан кийин кайрадан ачалы деди. Эгерде кворум чогулса, маселени күн тартибине коюп, талкууну уланта берели деди.

"Депутаттардын көбү " боло берет" деген ойдо болгону үчүн мамлекет ушундай абалга кептелди. Мыйзам аткарылышы керек! Кабинеттерине көчүшсүн, иши менен, кесиптештери менен таанышсын. Андан кийин гана фракция жана группалар жөнүндо кеп кылсак болот"- деди Мадумаров.

Талкуудан кийин Мажитова жыйынды жапты. Саат 15:00дө депутаттар кайрадан жолугушууга ниеттенүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4981