Мадинанын өлүмү боюнча экинчи айыпталуучу 11 жылга кесилди
RU

Мадинанын өлүмү боюнча экинчи айыпталуучу 11 жылга кесилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын Жогорку соту Азиза Давлятованы 11 жылга абакка кести. Ага күйөөсүнүн экинчи аялы делген Мадина Мамажанова аттуу келинди "кыйнап, сабаган" деген айып тагылган. Мадина төрт ай комада жатып, 15-декабарда көз жумду. Бул окуя Тажикстанда катуу резонанс жараткан.

14-декабрда Азиза Давлятованын күйөөсү Парвиз Давлятов "эки аял алуу", "өз жанын кыюуга жеткирүү", "адамды ырайымсыз токмоктоо" үчүн күнөөлөнүп 8 жылга эркинен ажыратылган. Жубайлар үстүнөн сот жабык өтүү.

32 жаштагы Мадина 25-августта катуу жаракаттар менен, эс-учун жоготкон абалда Дүйшөмбүдөгү Улуттук медициналык борборго түшкөн. Жакындарынын айтымында, аны Парвиз Давлятовдун биринчи аялы кызганып сабап кеткен. Азиза Давлятова жана туугандары ал окуя тууралуу комментарий берген эмес.

Тартип коргоочулар мунапыска таянып, адегенде Мадинаны сабагандарды жоопко тартуудан баш тартып келишкен. Кийин жарандык активисттер тажик башкалаасынын мэрине кат жолдоп, ал ишти өз көзөмөлүнө алууну талап кылышкан. Бир нече күндөн кийин Дүйшөмбүнүн райондук прокурорунун орун басары иштен алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4992