Күйөөсүнүн көңүлдөшүн сабап салган. "Мадинанын иши" Тажикстандын үрөйүн учурган окуя
RU

Күйөөсүнүн көңүлдөшүн сабап салган. "Мадинанын иши" Тажикстандын үрөйүн учурган окуя

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстанда "Мадинанын иши" деп аталган кылмыш иши боюнча талкуулар солгундай элек. Бул жаңжал коомду эки тарапка бөлдү. Активисттер сабалган жаш келин өмүр бою майып болуп калгандыгын айтып, айыптууларды жазага тартууну талап кылышууда. Бирок, экинчи бөлүгү бул иш коомдогу системалуу түрдө болуп жаткан көйгөйлөрдү ачыктады деген пикирин билдиришти. Эркектер үй бүлөсү бар туруп, ачык айкын эле экинчи аялга үйлөнүшөт.

Эмне болду эле?

Мадина Мамаджанова 25 август күнү күндүз, саат 14:00до жок болуп кеткен. 26-августта түнкү саат 2де аны оор жаракаттары менен ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлердин айтымында, асфикциядан (узак убакытка чейин муунткандан) улам баш мээсинин функциялары жабыркаган. Андан тышкары оор буюм менен башка ургулаган да болушу мүмкүн. Ал 70 күн комада жатты. Учурда баш мээсинин олуттуу функциялары жараксыз болуп, эч кимди тааныбай калган. Улам температурасы көтөрүлүп, себепсиз кыйкыра берет. Дарыгерлердин айтымында Мадина кайра калыбына келе албайт жана өмүр бою төшөктө жатат.

Мадинаны ким сабаган?

Тергөөнүн айтымында, Мадина кесиптеши Парвиз (паспорту боюнча Лутфулло) Давлятов менен көңүлдөш болчу. Парвиздин аялы - Азиза Давлятова аны өзгөчө мыкаачылык менен сабаган. Айрым маалыматтарга ылайык, 25-августта Парвиз Мадинанын үйүнө келген. Ошол учурда аялы Азиза күйөөсүнүн каякта экенин аныктап келмекчи болот (24-августта Азиза менен Парваздын баш кошуусунун юбилейи болчу). Парваз аны билип калып, эки аялды таштап качып кеткен. Ошондо Азиза Мадинаны уурдап чыгып, мыкаачылык менен сабаган, деген божомолдоолор айтылууда. Албетте, мунун бардыгын Азиза жалгыз ишке ашыра алмак эмес. Бирок анын жанында кимдер болгон белгисиз.

Кылмыш иши эмне болду?

Мадинанын апасы дароо арызы менен милицияга кайрылган. Укук коргоочу органдар алгач апасынын арызын кабыл алып, андан кийин "Мунапыс тууралуу" мыйзамына ылайык, 2021-жылдын 7-сентябрында кылмыш иши козгоодон баш тартышкан. Ошону менен Азиза Давлятова боштондукта калган.

Коомчулуктун реакциясы

Октябрь айында бул окуя бүтүндөй коомчулукка жайылып кеткен. Душанбе шаарынын төрагасы Рустам Эмомалиге, Тажикстан Республикасынын генералдык прокурору Рахмон Юсуф Ахмадзодго жана Тажикстан Республикасынын ИИМинин министри Рахимзод Рамазондун атына кайрылуу даярдалып, адамды уурдоо жана анын өмүрүнө коркунуч туудуруу ишин жеке көзөмөлүнө алууну өтүнүшкөн.

Колдонуучулар #ЗаконЕдин #СправедливостьДляМадины #JusticeForMadina деген хештегдер менен 2 миңден ашуун колдонуучулар бөлүшкөн.

Андан кийин парламенттин жогорку палатасынын спикери жана Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали чуулгандуу ишти жеке көзөмөлүнө алган. Рустам Эмомалинин буйругу менен Генералдык прокуратура жана ИИМ бул ишти кайрадан козгоп, карай башташкан (белгилей кетсек, мэр Башкы прокуратурага жана ИИМге буйрук же тапшырма берүүгө ыйгарым укугу жок. - Kaktus.media'нын эскертүүсү).

Учурда эмне болуп жатат?

1-ноябрда, Рустам Эмомали укук коргоочу органдардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, анда Мадинанын иши боюнча талкуу жүргөн.

Борбордук мэриянын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, кылмыш иши козголуп, Азиза жана Лутфулло Давлятовдор шектелүүчү катары камакка алынган (бирок кайсы берененин негизинде айтылган жок).

Тажикстандын генералдык прокуратурасы 1-ноябрда Давлятов жубайларына кылмыш иши козголуп, алар Мадинаны сабашкан деп шектелүүдө экендигин жар салган. Коомчулуктун пикири боюнча аларга киши уурдоо беренесинин негизинде иш козголуш керек болчу.

Ошол эле учурда Лутфулло Давлятов акталып чыгат деген кептер айтылууда. Анткени Мадина сабалып жаткан учурда ал өзүнүн кеңсесинде болчу. Лутфуллонун атасы - Давлатали Давлатзода Озоди райдиосуна берген маегинде окуя келини күйөөсүн кызгангандын айынан болуп жатат, демек ал мыйзамдын алдында жоопко тартылыш керек. Эмне үчүн анын баласы Лутфулло айыпталып жатканы ага түшүүксүз экендигин билдирген.

Белгилей кетчү жагдай, Давлатали Давлатзода буга чейин Тажикстандын Элдик-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары жана парламенттин ылдыйкы палатасынын депутаты болуп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4192