Унаадан аялдын жансыз денеси табылды
RU

Унаадан аялдын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 5-январь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын салонунан МАИ кызматкерлери аялдын жансыз денесин табышкан. Адам өлтүрүүгө шектелип, унаанын айдоочусу 38 жаштагы М.А. кармалды.

Сөөктү кароо учурунда өлтүрүлгөн 30 жаштагы аялдын мойнунда жоолук салынып, анын астынан кызыл тактар ​​көрүнгөн. Сөөк экспертизага жөнөтүлдү.

Шектүү маркум аял анын экинчи аялы экенин айткан. Өлтүрүү алдында алардын ортосунда чыр чыгып, мушташка айланып кеткен. Андан соң шектүү аялын кирпич менен колуна, андан соң бетке урган. Ал жыгылганда жоолук менен муунта баштаган. Аялынын ордунан жылбай жатканын көргөн шектүү сөөктү унаага салып, алып кетмекчи болгондо милиция кызматкерлери келген.

Бул факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5064