Казакстанда кармалгандардын арасында кыргызстандыктар барбы, жокпу? Расмий жооп
RU

Казакстанда кармалгандардын арасында кыргызстандыктар барбы, жокпу? Расмий жооп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Казакстандагы баш аламандык боюнча кармалгандардын арасында кыргызстандыктар бар же жок экендиги тууралуу маалымат такталып жатканын билдирди. Азырынча маалымат түшө элек. Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тополоңдо 4,2 миң жаран кармалганын билдирген.

Кармалгандардын арасында чет элдик жарандар да бар. Алматы облусунун айылдарынын биринде 100дөн ашуун адам кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, булар коңшу мамлекеттин жарандары.

ИИМдин басма сөз кызматы алар кайсы мамлекет жөнүндө болуп жатканын тактаган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5087