Алматыда кыргызстандык кармалды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин комментарийи
RU

Алматыда кыргызстандык кармалды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин комментарийи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кармалган кыргызстандык жаран боюнча маалыматка жооп кайтарды.

"Учурда министрлик Казакстандын компетенттүү органдары менен биргеликте бул жарандын кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.

Министрлик Казакстандагы мекендештерди жашаган өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого, чагымчылдыкка алдырбоого, чыр-чатактарга катышпоого, эл көп чогулган жерлерден алыс болууга жана жашаган жеринде болууга чакырат",- бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

Эскерте кетсек, казак басылмалары кармалган адам митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп келгенин айткан видеону тараткан. Кармалган жаран Алматыга гастролго көп барган кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов экени маалым болгон. Анын айтымында, ага "белгисиз адамдар" митингге катышуу үчүн 200 доллар сунушташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5090