Алымкадыр Бейшеналиев ооругандардын кескин көбөйүп кетишин түшүндүрдү
RU

Алымкадыр Бейшеналиев ооругандардын кескин көбөйүп кетишин түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустук инфекциянын кескин көбөйүшүнүн себебин түшүндүрдү.

"Төртүнчү толкун жүрүп жатат. Биз анын боло турганын билгенбиз. Жакында тойлор, копраративдер, каникулдар өттү. Элдер бири-бири менен жолугуп, контакт болушту. Ошондуктан, ооруну жугузгандардын саны кескин көбөйдү. Омикрон штаммы бизге да келди. Ал лабораториялык жактан тастыкталганга чейин эле пайда болгон болушу мүмкүн", - деп министр "Биринчи радионун" эфиринде айтып берди.

Анын айтымында, омикрон жеңилирээк өтөт, ошондуктан ооруканага кайрылгандардын саны аз. 70%ы амбулатордук негизде дарыланууда.

"Омикронду жаштар жана өспүрүмдөр жуктуруп жатышат. Бишкектин ооруканаларына 400-500 орун даярдап койдук, СИЗдер бар, дарыгерлер даяр. Дары-дармек да жетиштүү. 118 кызматы күнү-түнү иш алып барууда. Поликлиникалар кечки 8-9га чейин иштөөгө милдеттендирилди", - деп Бейшеналиев маалымдады.

Азыркы тапта дарылануу алтынчы протоколдун негизинде жүргүзүлүп жатат, деп министр кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5180