Данияр Тербишалиев атайын кызматка сүйлөшүүгө чакырылды
RU

Данияр Тербишалиев атайын кызматка сүйлөшүүгө чакырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Элдик кошуундар бирикмесинин төрагасы Данияр Тербишалиев Facebook баракчасына жазды. Анда камактагы экс-депутат Бакытбек Калмаматовго байланыштуу сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди.

"УКМК иштебей жатат деп жатасыңар! Иштеп жатат! Саясий туткун - Бакытбек Калмаматовду колдоп, сотко катышып, билдирүү жазганыма эки-үч күн боло элек, сүйлөшүүгө чакырышты", - деген билдирүү калтырды.

Улуттук коопсуздук комитети азырынча буга байланышуу комментарий бере элек.

Президент Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына курган соңку маегинде Калмаматов жөнүндөгү суроого да жооп берип, аны кызматка чакырганын айткан. Калмаматовду "учурда айрым саясатчылар пайдаланып жатат", деп билдирген.

Бакытбек Калмаматовду УКМК өткөн айда кармаган жана "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айып койгон.

Биринчи май райондук соту аны 9-февралга чейин абакта калтырган. Калмаматов өзү айыптарды четке кагып, "саясий куугунтук" экенин айтып келет.

Биринчи май райондук соту 11-январда Калмаматовдун кармалышынын мыйзамдуулугу тууралуу анын жактоочуларынын арызын карап, бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Бишкек шаардык соту 12-январда саясатчы экс-депутаттын бөгөт чарасын кароону кийинкиге калтырган. Буга соттук коллегиянын бир мүчөсү, судья Шарабидин Токтосуновдун бул процесске катышуудан баш тартканы негиз болгон. Токтосунов анын себебин Калмаматов менен буга чейин жакшы мамиледе болгону менен түшүндүргөн.

Кийинки сот жараяны качан болору тактала элек.

Саясатчы соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% босого чектен өткөн эмес.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5202