Садыр Жапаровдун үй бүлөсү инаугурацияда (фото, видео)
RU

Садыр Жапаровдун үй бүлөсү инаугурацияда (фото, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-январда Садыр Жапаров расмий түрдө Кыргызстандын президенттик милдетине киришти. Бул маанилүү күндө анын жанында үй-бүлөсү да болду.

Жапаровдун инаугурациясына анын жубайы Айгүл Жапарова бала-чакасы менен келди. Алар филармониянын залында биринчи катарда отурушту. Андан тышкары бир тууган эжелери, ага-инилери жана жээндери келди.

Эске салсак, инаугурация улуттук филармонияда өттү. Салтанаттуу аземге 15 млн сом сарпталат, деп пландалып жаткан. Президенттик кортеж үчүн шаардын борбордук көчөлөрү тосулмак. Бирок коомчулуктун нааразычылыгынан кийин жолдорду тосуудан баш тартып, инаугурациянын чыгымын 8,5 млн сомго чейин кысккартылган. Иш чарага массалык маалымат каражаттары катышкан жок.

Садыр Жапаровдун инаугурациясы жөнүндө кененирээк маалыматты бул жактан окусаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/527