Камчыбек Ташиев: Айрым аткаминерлер дипломун текшербөөнү суранышты
RU

Камчыбек Ташиев: Айрым аткаминерлер дипломун текшербөөнү суранышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик кызматкерлердин жана саясатчылардын билими боюнча дипломдору дагы эле текшерилет. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, президент бардык мамлекеттик кызматкерлердин, министрлердин, депутаттардын жогорку билими тууралуу дипломун текшерүүнү тапшырган. Бардыгы текшерилет.

"Президенттин тапшырмасынан кийин кээ бир аткаминерлер мага телефон чалып, бул текшерүүдөн качса болобу деп сурашты. Мен аларга, албетте, жок деп жооп бердим", - деп баса белгиледи

Ал кошумчалагандай, сөзсүз түрдө президенттин тапшырмасын аткарып, бардыгын текшеришет. Диплом боюнча тергөөнүн башталышы жасалма диплом боюнча кылмыш иши козголуп, депутаттык мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматованын окуясынан кийин башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5285