Дастан Бекешев Садыр Жапаровдордун группалаштарына издөө жарыялады
RU

Дастан Бекешев Садыр Жапаровдордун группалаштарына издөө жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун юридикалык билими бар. Бирок ал жогорку окуу жайга барчу деле эмес окшойт.

"Азыркы кырдаалдан улам мен өтө кызыктуу нерсени билдим: көрсө, Садыр Жапаров 2006-жылы, КРСУнун юрфагын бүтүрүптүр. Мен да ошол жылы, ошол факультетти аяктагам. Биз университеттен бир да жолу жолуккан эмеспиз... Анын группалаштары ким эле? Атыңарды атагылачы", - деп Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Twitter'ге жазган.

Анын айтымында, мындай студент мугалимдердин да эсинде жок экен.

Бирок, алар азыр бул тууралуу ачык айтышпайт. Балким 20 жылдан кийин.

Посттун алдына комментарий жазгандар, Жапаров КРСУну сырттан (заочно) бүтүргөн болушу мүмкүн, деп божомолдошту.

"Жаңылбасам, ал сырттан окуп бүтүргөн. Гений окшойт- физкултурныйдан кийин юрфакты бүтүрүүнүн өзү оңой эмес, болгондо да жалаң бешке окуса керек", - деп колдонуучулардын бири пикирин калтырды.

Президенттин сайтында Жапаров экинчи жогорку билимин Кыргыз-Россия Славян университетинде "юрист" адистиги боюнча алган, деп жазылган.

Kaktus.kg КРСУга байланышып, өлкө башчысы кайсы бөлүмдө окуганын тактоону чечкен. Бирок ректордун кабылдамасы редакциянын суроосуна жооп бере алган жок Алар кат жүзүндө расмий түрдө кайрылууну сунушташты. Ал эми университеттин юридикалык бөлүмүндө эч ким телефон алган жок.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы Орозайым Нарматованын Жалал-Абад мамлекеттик университетинен алган диплому жасалма деген негиздеме менен мандатын чакыртып алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5252