Камчыбек Ташиевдин жээни Болот Темировду сотко берет
RU

Камчыбек Ташиевдин жээни Болот Темировду сотко берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргыз Петролеум Компани" журналист Болот Темировду жана анын командасын сотко берүүнү ойлонуп жатышат. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Байгазы Матисаков Жалал-Абадка болгон пресс-тур учурунда журналисттерге билдирди.

Анын айымында, Temirov Live'дын иликтөөсүндө маалымат туура эмес берилген. Компанияда маалыматтын жалгандыгын далилдөөчү фактылар бар.

"Бизде бардык фактылар, документтер бар. Ар бир жеткирип берүү тастыкталган. Муну текшерсе болот", - деп сөзүн жыйынтыктады.

20-январда журналист Болот Темиров "Ташиевдердин кланына" байланыштуу иликтөөсүн жарыялап, анда үй-бүлө мүчөлөрү кантип "Кыргызстанда мунай магнаттарына" айланганын сүрөттөгөн.

22-январь күнү кечинде милиция кызматкерлери жана беткапчан адамдар Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесине келишкен.

Алар тинтүү иштерин жүргүзүп, Болот Темировдун чөнтөгүнөн марихуанага окшош зат салынган кутучаны "табып", бардык компьютерлерди жана үн жаздыруучу жабдууларды алып кетишкен.

Болот Темиров РИИБге жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5314