Камчыбек Ташиев Баткенге жөнөп кетти
RU

Камчыбек Ташиев Баткенге жөнөп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбе Ташиев Баткен облусуна жөнөп кеткен, ал жерине жеткен болсо керек. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге жеке булактар билдиришти.

Ташиев менен бирге өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев да чыккан.

УКМК жана ӨКМ жетекчилеринин иш чаралар планы азырынча белгисиз.

***

27-январда болжол менен саат 18:30да, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагындагы кырдаал курчуган. Тажикстандын чек арачылары Баткен - Исфана жолун бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча тжик аскерлери миномёт жана гранатомётторду колдонгон.

28-январда, саат 04:10до тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ок атышуу толук токтотулду, деген билдирүү таратылды. Баткен - Исфана жолу ачылып, конфликтти алдын алуу максатында чек ара райондору биргеликте көзөмөлдөнөт.

28-январдын таңына карата, чек арадагы кырдаал тынч, деп чек ара кызматы билдирди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5347