Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова отставкага кетти
RU

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова отставкага кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова отставкага кетти. Бул малыматты анын кеңешчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Белгилүү болгондой, бүгун, 31-январда, Бакирова өз каалоосу менен кызматтан кетүү чечимин кабыл алган. Анын жумуштан кетүүсүнүн себептери айтылган жок.

Нургүл Бакирова 2021-жылдын 22-апрелинде Жогорку соттун башчысы болуп шайланган. Буга чейин Жогорку соттун орун басары болуп иштечү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5374