Белгисиз адамдар Kaktus.media редакциясынын аккаунттарын бузууга аракет кылышууда
RU

Белгисиз адамдар Kaktus.media редакциясынын аккаунттарын бузууга аракет кылышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгисиз адамдар Kaktus.media редакциясынын Instagramдагы аккаунтун бузуп кирүүгө аракет кылышкан. Саат 17:50 чамасында редакциянын SMM адистери аккаунтуна кире албай калышкан. Учурда абал көзөмөлгө алынды.

Белгилей кетсек, 28-январдан бери Kaktus.media кызматкерлери жеке мессенджерлерин жана социалдык тармактардагы аккаунттарын бузуу аракеттерине бир нече жолу туш болушкан.

Ошондой эле Kaktus.media редакциясынын Instagram аккаунтун бузуп кирүүгө бир нече жолу аракеттер болгон. Мындай аракеттердин бири тууралуу редакция 28-январда кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5405