"Элди алдай албайсыңар!" Журналисттер бийликке кайрылуу жазышты
RU

"Элди алдай албайсыңар!" Журналисттер бийликке кайрылуу жазышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан журналисттер коомчулугу жана сөз эркиндигине түздөн-түз тиешеси бар уюмдар бийликке кайрылуу жасады. Аларды бүгүнкү күндө демократиялык коомдун принциптеринен жана баалуулуктарынан четтөө өңдүү тынчсыздандырган көрүнүштөр болуп жатканын белгилейбиз: бир катар мыйзамдарды кабыл алуу, көп миллиондогон суммага доо арыздар, жогорку кызмат адамдарынын оозеки коркутуулары, мыйзамсыз кармоолор жана суракка чакыруу аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине туш тараптан жапырт чабуул коюлуп жаткандыгы тынчсыздандырууда.

"Журналисттик иликтөөлөр күч түзүмдөрүндөгү коррупция менен күрөшүүгө, туруктуу үй-бүлөлүк-кландык схемаларды түзүүгө каршы багытталган, антпесе, бул терс көрүнүштөрдөн өлкөнүн бюджети, экономикасы, акыр аягында Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоосу жана бакубаттуулугу жапа чегип жатат.

Журналисттердин материалдары коомчулук чындап эмне болуп жатканын билип, түшүнүшү үчүн көмүскөдө болуп жаткан мыйзам бузууларды ачып берет, ал эми укук коргоо органдары ошол мыйзам бузууларга чара көрүү функциясын аткарууга тийиш", - деп айтылат.

Бирок биз тескери реакцияга күбө болуп жатабыз – иликтөөлөрдүн авторлору кылмыш иштеринин объектисине айланууда, укуктук жол-жоболор одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп жатат, социалдык тармактарда "троллдор фабрикалары" тарабынан журналисттердин дарегине жапырт куугунтук болууда, иликтөөчү журналисттердин артынан аңдып, жеке турмушуна кийлигишип, видео байкоо жүргүзүп жатышат.

Бийликтен сурагыбыз келет – силер үчүн кылмышкер жана мыйзам бузуучу деги ким? Мыйзамды бузган кишиби же чындыкты айткан адамбы?

Журналист ар дайым коомчулуктун, элдин кызыкчылыгын көздөйт. Өлкөбүздө элди жумушсуздук, коррупция, саламаттык сактоонун, экономиканын абалы, жарандардын кирешесинин аздыгы, билим берүүнүн сапаты, социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана жеңилдиктер, суунун тартыштыгы, турак жай шарттары тынчсыздандырууда. Булардын баары өкмөткө, элдин алдындагы өз милдеттенмелерин кандай аткарып жатканына тиешелүү маселелер. Журналисттер дал ушул темаларды көтөрүп чыгышат жана бул маселелерди чагылдыргандыктан куугунтуктун бутагына айланышууда.

Бийликти, бир катар аткаминерлердин бийликке жакын тарапташтарын жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге карата социалдык тармактарда жапырт чабуулдарды токтотууга, коомчулуктун көңүлүн журналисттер ачып жаткан көйгөйлөрдөн башка жакка бурбоого, журналисттерди каралап, талкуунун темасын өзгөртүү максатында аларды аңдып, жеке жашоосуна байланыштуу видеолорду туш тарапка жайылтууну токтотууга чакырабыз.

Биз журналисттерге чабуулдардын артында кимдер турганын билебиз, соцтармактардагы "троллдорго" ким ээлик кылып, аларды кимдер башкарып жатканынан да кабардарбыз. Силер бир жолу, эки жолу калп айта аласыңар.

Бирок дайыма эле калптын үстүндө жүрө албайсыңар. Ар бир адам алаканга салгандай көрүнүп турчу чакан өлкөбүз бар. Элибиз ким кандай адам болгонун, эмне себептен айрым аткаминерлер олигархтай жашап жатканын абдан жакшы билет. Коомду алдап, журналисттерди коркута албайсыңар.

Биз, журналисттер, аткаминерлердин мыйзамсыз иш-аракеттеринен баштап, карапайым элдин көйгөйлөрүнө чейин болгон нерсенин баарын чагылдыра бермекчибиз. Биз өз милдетибизди аткара беребиз, себеби биз туш тарапта өкүм сүрүп жаткан мыйзамсыздыктан чарчап, айласы кеткен адамдардын акыркы үмүтү болуп саналабыз. Биз мындан ары да кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн жана кыйынчылыктарын жеткире беребиз. Себеби ошондо гана бийлик элди көзгө илип, элдин алдындагы өз милдеттерин эстей баштайт, ошондо гана эл чындыкты билип калат.

Кайрылууга төмонкүлөр кол койгон:

  • "Медиа Полиси Институту" КФ
  • Журналисттик иликтөөлөр фонду
  • Эльмира Токтогулова
  • Kaktus.media
  • Медианы Өнүктүрүү Борбору
  • Көз карандысыз журналисттер союзу
  • GovoriTV
  • Семетей Аманбеков, Bulak.kg
  • Марат Токоев, "Журналисттер" КБ
  • Дмитрий Ложников, Апрель-ТВ
  • Лейла Саралаева, Новые лица
  • Дилбар Алимова, ПолитКлиника
  • "24.kg" маалымат агенттиги
  • Болот Темиров
  • TemirовLive редакциясы
  • Болот Назаров, "Айт Айт десе" каналы

***

  • Ташиевдердин үй бүлөсүнүн бизнеси тууралуу иликтөө даярдаган Temirov LIVE редакциясы бийлик тарабынан куугунтуктоого алынды. Болот Темировго кылмыш иши козголуп, анын командасы толугу менен суракка алынууда.
  • Кийин социалдык тармактарда редакциянын бир журналистинин жеке жашоосунан алынган видеосу жарыяланган. Бирок тез эле өчүрүлгөн. Коомчулук мындай видеонун жарыяланышын кескин сынга алды.
  • 28-январда, Kaktus.media редакциясынын офисинин алдындаММКларга каршы митинг өткөн. Катышуучулар сайтты жабууна талап кылышкан. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтин чагылдырышына нааразы болушкан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5380