Сеидбек Атамбаев Kaktus.media'га болушту
RU

Сеидбек Атамбаев Kaktus.media'га болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутат Сеидбек Атамбаев массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Бүгүн, 2-февралда, Жогорку Кеңеште өткөн отурум учурунда Сеидбек Атамбаев маас-медия боюнча кыскача оюн билдирди.

"Масс медиа боюнча, Kaktus.media жана башка журналисттердин суракка чакырылышын туура эмес деп эсептейм. Анткени, көп кайрылуулар болуп жатат. Шайлоочулардан мындай кишилерден дагы "депутаттар эч нерсе деп сүйлөбөйт" деп айтып жатышат. Жалтак болуп калыптыр дейт. Же статус бериш керек, же иммунитет", - деди депутат.

Эске салсак, Kaktus.media редакциясына КРдин Кылмыш-жаза кодексинин "Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу" 407-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Редакцянын журналисттери күбө катары Генералдык прокуратурага сурак берип жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5410