Башка сайттан алынып чыгарылган маалымат үчүн Kaktus.media'га кылмыш иши козголду
RU

Башка сайттан алынып чыгарылган маалымат үчүн Kaktus.media'га кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи май районунун прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу" 407-беренеси боюнча Kaktus.media редакциясына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин бул беренеси иш жүзүндө буга чейин эч качан колдонулган эмес.

"2022-жылдын 27-январында Kaktus.media чек арадагы куралдуу конфликт боюнча макала жарыялаган. Макалада Кыргыз Республикасынын аскери биринчи ок атып Тажик Республикасын жооп кайтарууга аргасыз кылган деген чындыкка дал келбеген маалымат камтылган", - деп билдирүүдө жазылган.

Учурда борбор шаардык прокуратура бул иш аракеттердин мыйзамдуулугу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

31-январда редакциянын бир нече кызматкери суракка чакыртылган. Алар маалыматты жайылтпоо боюнча тил катына кол коюшту.

Эске салсак, 28-январда Kaktus.media сайтынын редакциясынын алдында кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттин чагылдырышына нааразы болгондор чогулушкан. Бир күн мурун редакция ASIA-Plus тажик басылмасына шилтеме берип жаңылык чыгарган. Анын максаты тажик тарап болуп жаткан окуялар боюнча өз элине кандай маалымат берип жаткандыгын көрсөтүү. Кийин редакция түшүндүрмө берип мындай позициясын негиздеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5408