Навальный Путиндин "хан сарай" тууралуу реакциясына комментарий берди
RU

Навальный Путиндин "хан сарай" тууралуу реакциясына комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коррупция менен күрөшүү фондунун жетекчиси, учурда СИЗОдо отурган Алексей Навальный, Владимир Путиндин Геленджиктин этегиндеги "хан сарай" тууралуу жообуна комментарий берди.

Эске салсак, 25-январда, Путин "Дворец для Путина. История самой большой взятки" деген ролик боюнча жеке пикирин билдирди.

"Силердин сурооңорго дароо жооп берейин. Ал жакта айтылгандардын эч нерсеси мага да, менин жакындарыма да тиешелүү эмес, тиешелүү болгон эмес дагы. Эч качан", - деп Путин россиялык жождордун студенттери менен болгон онлайн-жолугушуу учурунда айтты.

Эртеси күнү, Навальныйдын сайтында чоң статья чыккан, анда оппозиционер Путиндин реакциясына комментарий берип "Карагылачы, кандай сонун иштейт. Биз иликтөөнү жарыяладык, аны бир жуманын ичинде 90 миллион адам көрдү. Анан Путин кылчактап атып акыры жооп берүүгө аргасыз болду. Келгиле, ар дайым ушундай кылабыз", - деп сунуштады.

"Бир жума кечиккенин, президенттик администрциянын бардык күчү резиденциядагы эң жупуну бөлмөнү издөөгө жумшалды деген шылтоо менен түшүндүрсөк болот. Ал бөлмөгө отуруп алып Путин канчалык деңгээлде элге жакын экенин, канчалык жөнөкөй шартта иштеп-жашап жатканын көрсөтмөк.

Имараттын ичиндеги сайдинг, совет доорундагы жарык бергичтер, тамдын ортосуна орнотулган кондиционер. Жөн гана колдо болгон каражатка салынган Рязан облусундгы дача. Путин өзүн так ушундай көрсөткүсү келип жатат. Алтын? Фреска? Үч бөлмөлүү батирдин баасына сатып алынган эмерек? Жок, эч качан уккан эмесмин. Бирок биз го билип калбадыкпы, анын тиричилиги чынында кандай экенин", - деп саясатчы какшыктады.

Андан тышкары Навальный президенттин сөздөрүнө там берди. Анын жакын туугандарынын "хан сарайга" эч кандай тиешеси жок экен. Чынында эле, саясатчы өзүнүн иликтөөсүндө Николай Шамалов дегенди атап жатат, ал президенттин кудасы болот, демек жакын тууганы болуп эсептелинбейт, ал эми курулуш иштерин жетектеген Михаил Шеломов Путиндин аталаш жээни.

"Кыскасы, биздин иликтөөгө жооп кайтарбай эле болбогон кепти суйлөдү. Путин бир да фактыны жокко чыгарган жок", - деген жыйынтыкка Навальный келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/541