Троллейбустун кабели капысынан үзүлүп, бир нече унаа жабыркаган
RU

Троллейбустун кабели капысынан үзүлүп, бир нече унаа жабыркаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анкара көчөсүндө (Горький көчөсүнүн уландысы) троллейбустун байланыш түйүнү үзүлүп, өтүп бара жаткан бир нече унаага зыян келтирген. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Маалым болгондой, окуя саат 19:00 чамасында болгон. Көчөдөн өтүп бараткан троллейбус капыстан токтоп, кабель кулаганда бир нече унаа жабыркаган. Унаанын алдыңкы айнектери, бамперлери жана чатыры жабыркаган.

Айрым айдоочулар ошол маалда токтоп, окуянын себептерин иликтөөгө алышкан. Кабель кулагандыктан тыгын пайда болуп, айдоочулардын бири кабелди алып салуу аракетин коргөндө токко урунуп кеткен. Ошентип таяк жана башка шаймандар менен кабель жолдун четинен жылдырылган.

Айдоочулар окуя болгон жерде калып, адистерди күтүп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5490