Айбек Жунушалиев өзүнүн мүмкүн боло турган отставкасы боюнча комментарий берди
RU

Айбек Жунушалиев өзүнүн мүмкүн боло турган отставкасы боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Kaktus.kg'ге отставкага кетет, деген имиштер боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, ал бул тууралу эч нерсе билбейт.

"Мен азыр жумуштамын, президент менен объектилерди текшерип жатабыз. Бул боюнча эч кандай маалыматым жок. Жумуш штаттык режимде уланууда", - дейт борбор шаардын жетекчиси.

Ал аны менен отставка боюнча эч ким сүйлөшпөгөнүн белгиледи.

Эске салсак, Жунушалиев 2021-жылдын августунда мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ошол кезде мэрдин милдетин аткарып жүргөн Таалайбек Сарыбашевдин ордуна келген. Сарыбашев болгону 10 күн Бишкектин мэринин м.а. болуп, кийин отставкага кетип калган. Бул кадамын "себептерим бар" деп түшүндүргөн. Азыркы тапта ал Жогорку Кеңештин депутаты.

2021-жылдын 26-августунда Бишкектин мэрин шайлоо өтүп, Айбек Жунушалиев жалгыз талапкер болгондуктан жеңүүчү болуп чыгат. 3-сентябрда расмий түрдө иштеп баштаган. Борбордук шайлоо комиссияынын мүчөсү Айдана Жупуева ага шаардын мэри деген күбөлүк тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5497