"Ар бир жолугушуунун темасы бирдей". Депутаттар кайрадан дары-дармек маселесин көтөрүштү
RU

"Ар бир жолугушуунун темасы бирдей". Депутаттар кайрадан дары-дармек маселесин көтөрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Биз ар бир жыйында бир эле маселелерди көтөрүп келебиз. Канча жолу сөз сүйлөдүм, жадакалса дары-дармек боюнча протоколдук тапшырма берилди" , - деди депутат Айбек Маткеримов бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анын айтымында, гепатит менен ооругандардын айрым дарылары сырттан алынып келинет, бирок саны чектелүү жана кымбат. "Эмне үчүн бөлүштүрүлбөй жатат? Жарандардан көп кайрылуулар түшүп жатат", - деди депутат.

Ага кошумчалай Адахан Мадумаров өлкөдө бөйрөгүнө операция жасалып, бирок өтө маанилүү дары-дармектерди ала албаган 600дөн ашык адам бар экенин белгиледи. Анткени алар импорттоого уруксат берилгендердин тизмесине кирбей калган.

"Мындай операциядан өткөндөр I топтогу майып болуп, гемодиализге кабылышат, аларда да көйгөйлөр бар. Россияда чечим чыгарып, жада калса өлкөдө катталбаган дарыларды убактылуу алып кирүүгө уруксат беришкен. Анткени адамдар бир жолу болсо да дары-дармектерин ичпей калышса, өлүп калышы мүмкүн", - деди Мадумаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5533