Компания Бишкектин аптекаларын эски дарылар менен камсыздаган
RU

Компания Бишкектин аптекаларын эски дарылар менен камсыздаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөнүн медициналык мекемелерин мөөнөтү өтүп кеткен, анын ичинде балдарга керек болгон дары-дармек менен камсыздоочу фармацевтикалык компаниянын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кзматы таратты.

КР УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо тармагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектерди ташып келген фармацевтикалык компаниялардын биринин мыйзамсыз иштери боюнча маалымат келип түшкөн, алар мөөнөтүн мыйзамсыз өзгөртүп, дары-дармектерди өлкөнүн медициналык мекемелерине жана дарыканаларга өткөрүп турган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык жана кампа жайларында тинтүү жүргүзүлүп, финансылык документтер жана дары-дармектер алынып, ишкананын мыйзамсыз иш-аракеттери тастыкталган.

Тергөө иш-чараларынын алкагында буюм далилдери, ошондой эле жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер алынып, дары-дармектердин таңгактарындагы жарактуулук мөөнөтүн бурмалоо белгилерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ошону менен бирге, бул компания өз ишмердүүлүгүндө саламаттыкты сактоо тармагы жана дарыканалар аркылуу, дарыгерлерге жана фармацевттерге акчалай сый акыларды жана бонустарды төлөп берүү менен импорттук дары-дармектерди лоббирлөө мыйзамсыз соода ыкмаларын жана атаандаштыкты колдонгону аныкталды.

Ошол эле учурда, бул компания балдардын ооруларын дарылоо үчүн колдонулган бир нече тизмеден турган дары-дармектерди да импорттойт, бул деген балдардын ден соолугуна бир топ зыян келтирүү коркунучун жогорулатат. Иш боюнча алынган далилдерди эске алуу менен аталган ишкананын жетекчиси "А.К." кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө тандалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5394