Камчыбек Ташиев Исмаил Исаковго: Төрт-Көчөнү бергиңиз келеби? Мен жол бербейм!
RU

Камчыбек Ташиев Исмаил Исаковго: Төрт-Көчөнү бергиңиз келеби? Мен жол бербейм!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Исмаил Исаковдун маалымат каражаттарынын бирине берген маегине комментарий берди.

Ташиев И.Исаковго бир да жер анклав болбой турганын эскертти.

"Эсинизге туйуп алыныз эч бир жерди анклавга айлантпайбыз.Такталбаган,өз оюнуздан чыгарылган маселени айтып элдин буйурун кызытпаңыз. Жерлерибизди анклав кылып койуучу документтерди кабыл алып карап турчу биз эмеспиз",-деп жазган ал социалдык баракчасына.

Анын айтымында 1924-27 жылдагы жана 2021 жылдагы кабыл алынган эки документ тең 39 деген номер менен кабыл алыныптыр,муну атайылап жасаган эмес.

Ушунча жылдан бери чоң кызматтарда жүрүп, бирок ушул жөнөкөй нерсени билбегениңиз өтө уят иш,себеби бардык документтер катар номери менен гана кетет, эч ким каалаган номерин коё албайт. Кабыл алынган протокол кабыл алынгандай аткарылса эки өлкөгө тең ынгайлуу болот жана башка бардык чек ара тилкелерин толук тактап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

"Туура айтасыз,Союз тарагандагы чек арабызды бир метр кыйшайтпастан сактап калуу милдетибиз жана ошондой болот. 1991-92 жылдары кабыл алынган,катышкан бардык өлкөлөр ратификациядан өткөргөн келишимдерди аткаруу эки өлкөнүн кызыкчылыгына дал келет деп эсептейбиз.

Эч качан Сиз айткан Исфара-Чоркух-Ак Сай-Ворух жолуна эл аралык статус берилбейт! Бул айтканыңыз Кыргыз элине кылган чыккынчылыгыңыз. Төрт Көчөнү сиз да бергиниз келип турабы,мен барымда берилбейт! Бир гана Ак Сай -Ворух жолу протоколго ылайык эки мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык жолдун статусу аныкталып ,андан сон салынат, кандай шарттар коюлуш керек экендигин бул жерде көрсөтө албайм",-деп белгиледи УКМК жетекчиси.

Коншулар бизге окшоп мамлекеттик комиссия түзгөн протоколдорду ачык талкуулап сырын ачып салбайт, ошондуктан мен дагын 39- чу протоколдун сырын ачпоо керек деп эсептейм. Мени кээ бир нерселерди айтырууга мажбур кылып жатасыздар, бүгүнкү күндө мамлекет бизге ишендиби демек биз жоопкербиз. Мамлекеттин тагдыры,чек арасы менен айкалыштырып саясий упай топтоого жол берилбеши керек .

"Комиссияны жоюуга эч кандай негиз жок, Исаков Исмаил кааласа комиссияга кошуп алалы ,иштеп берсин. Далилсиз, компетентсиз сөздөрдү таратууну мамлекеттин кызыкчылыгы учун токтотуш керек. Эгер ушунчалык эле күйүп-бышып жатсаңыз ,аскер адамы катары сыр сактоону негиз кылып сурасаңыз баарына жабык иретинде жооп берүүгө даярбыз.Сиздин максатыныз калп нерселерди коомго жайып, эптеп чек ара маселесин чечүүнү кечеңдетүү. Сизден кем эмес мекенчилдер, акылдуулар иштеп жатабыз жана жасаган ишибизге кыргыз элинин астында жоопкербиз.

Жабык эшик артында саясатчыларды,талдоочуларды чакырып маалымат берүүгө даярмын.

Көп нерселерди ачык айкын жаза албадым, туура түшүнүп кечиресиздер деп ойлойм",- деп жыйынтыктады сөзүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5557