Депутаттар Адахан Мадумаровдун кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча комиссия түзүштү
RU

Депутаттар Адахан Мадумаровдун кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча комиссия түзүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлдү.

Белгилей кетсек, сөз сүйлөгөн депутаттардын көпчүлүгү парламенттин жыйынына башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусун, Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу идеясын өзү окуп берүүсүн талап кылышкан. Айрымдар Зулушев жыйынга келмейинче депутаттык комиссия түзбөөнү сунушташты.

Бирок, Мадумаров өзү жобо талап кылгандай комиссия түзүүнү жактап чыкты.

Жыйынтыгында депутаттар комиссия түзүү зарылдыгына макул болушту. 73 депутат макул, бирөө каршы добуш берди.

Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирди:

  • Айбек Осмонов ("Ата-Журт Кыргызстан");
  • Исхак Масалиев ("Бүтүн Кыргызстан");
  • Мурадил Сыдыков ("Ынтымак");
  • Бахридин Шабазов ("Ишеним")
  • Дастан Жумабеков (№20 Манас бир мандаттуу шайлоо округу);
  • Динара Ашимова ("Ыйман нуру");
  • Аманкан Кенжебаев ("Элдик топ" бир кишилик тобу);
  • Азамат Исраилов ("Альянс").
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5540