Жанар Акаев: Алымкадыр Бейшеналиевди коркуткандардын аты-жөнү ачык айтылсын
RU

Жанар Акаев: Алымкадыр Бейшеналиевди коркуткандардын аты-жөнү ачык айтылсын

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жанар Акаев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коркуткандардын атын атоону талап кылды. Ал өз талабын Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Депутаттын айтымында, Бейшеналиев коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын ачык айткан. Демек, аларга кылмыш ишин козгош керек деп эсептейт.

"Кабинеттин өкүлүнө коркутуп-үркүтүүлөр болуп, акча сунуштап жатышат. Коомчулук укук коргоо органдары тарабынан аларага кылмыш иши козголбогонун билиши керек", - деди ал.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмас Абытов депутатка министрлер кабинети жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын негизинде тиешелүү иштер жүргүзүлө турганын айтты. Бирок, ал иш козголбогонун айтпаганы Акаевге жакпай, эл чындыкты билиши керек деп кошумчалады.

Эске салсак, жакында эле Бейшеналиев 17 медициналык институтту жабуу чечиминен улам алардын ээлери, олигархтар аны издеп жатканын билдирген. Министр кысым болуп жатканын айтып, бирок алардан коркпой турганын, ага байланыштуу жансакчылары жок экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5690