Алымкадыр Бейшеналиев: Олигархтар издегендиктен үйгө түнөбөй калдым
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: Олигархтар издегендиктен үйгө түнөбөй калдым

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Kaktus.media сайтына: "медициналык институттар жабылгандыктан мени 17 олигарх издеп жатат, мунун айынан үйго түнөбөй калдым. Андыктан мен маалымат каражаттарынан жардам сурайм", - деди.

Министрдин айтымында, ал 17 медициналык институтун жабуу чечимин чыгаргандан кийин аны ушунча сандагы олигархтар издеп жатышат.

"Бардык медициналык институттарды жабам, бул менин акыркы чечимим. Чынында эле көп акчалуу гиганттар бар, алардын баары мени издеп жатышат. Калк мени колдошу үчүн маалымат каражаттарынан аларга маалыматты туура жеткирип жардам берүүңүздөрдү суранам", - деди Бейшеналиев.

Ошондой эле ага басым жасалып жатканын, бирок андан коркпой турганын кошумчалады. "Алар мени издеп жаткандыктан үйдө уктабай калдым. Коопсуздукту камсыздоо өтүнүчү менен бийликке расмий кайрылган эмесмин", - деди министр.

Бейшеналиев ал жаап жаткан медициналык университеттерде "жакшы профессорлор же профессордук-окутуучулук курам" жок экенин, алар жөн гана ал жактан акча табышканын баса белгиледи.

"Студенттерди окута алган профессионал профессорлордун баары кайдан пайда болгон?",- деп корутундулады Бейшеналиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5632