Депутат Надира Нарматова: Төрөт учурунда эркектер аялдын жанына киргизилбесин (видео)
RU

Депутат Надира Нарматова: Төрөт учурунда эркектер аялдын жанына киргизилбесин (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргыздардын салты боюнча аялы төрөп жатканда жолодошун төрөт үйүнө киргизбей коюшкан. Американын ыкмасы деп азыр жанына киргизип коюп жатышат", - деп Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова нааразы болду.

Анын айтымында, ошондон улам толгоо токтоп, аялдардын 60-70% кесарево жолу менен төрөйт. "Бул кыргыздын келечеги үчүн да кооптуу", - дейт ал.

Андан соң министрлер кабинетинин мүчөлөрүнөн саламаттыкты сактоо тармагында системалуу реформа жүргүзүүнү суранды.

"Иштейм деген кадрлар көп. Ар бир дайындоодо кесипкөйлүккө, адамкерчиликке көңүл бургула. Анткени өлкөдө эгемендүүлүк алган 30 жылда дарыгерлердин сапаты төмөндөп кетти. Союз учурунда чыныгы билим алгандар азыр 55 жашка чыгып калды. 10 жылдан кийин дарыгерлердин сапаты боюнча кыйын кырдаалга туш болобуз", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5703