Надира Нарматова: Мугалимдер менен үй кожойкелери бирдей пенсия алганы адилетсиздик
RU

Надира Нарматова: Мугалимдер менен үй кожойкелери бирдей пенсия алганы адилетсиздик

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Надира Нарматова мугалимдер менен үй кожойкелердин пенсиясын теңештирүүгө каршы. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 30-40-50 жыл иштеген мугалимдер пенсияга чыкканда 2,7 миң сомдон 3,5 миң сомго чейин гана алышат.

"Өмүр бою эч жерде иштебеген үй кожойкелери да дээрлик ушунча акча алышат. Ал эми мугалимдер бизди окутуп, пенсияга чыкканча моралдык-психологиялык жактан чарчап жатышат. Бул адилетсиздик", - деп кошумчалады Нарматова.

Эл өкүлү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдон пенсиядагы мугалимдердин тизмесин тактап берүүнү суранды.

"Алардын пенсиясын көбөйтүп, өзүнчө токтом кабыл алыш керек. Ал эми мугалимдер келечекте жакшы пенсия алыш үчүн алардын айлыгын азыртадан көтөрүп, бир аздан эмес, дароо 50-100% га көтөрүш керек.", - деди Нарматова.

Бул тууралуу кандай ойдосуз? Жаңылыктын астына өз пикириңизди калтырыңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5619