Украина окуялары Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизеби? Министрликтен жооп
RU

Украина окуялары Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизеби? Министрликтен жооп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинадагы соңку окуялар Кыргызстандын соода балансына эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 26-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Министр белгилегендей, Украинадан Кыргызстанга азык-түлүктүн айрым түрлөрү, атап айтканда, канаттуулардын эти жеткирилет. "Бирок быйыл ал импорттун ордун ата мекендик өндүрүш түзүүдө", - деди ал.

Амангелдиев Кыргызстандагы канаттуулардын этин кайра иштетүүчү үч завод, ошондой эле дагы бир ишкананын курулушу боюнча токтолду.

Эске сала кетсек, 24-февралда Россиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялаган. Ал эми 25-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский Путинди "адамдардын өлүмүн токтотуу" үчүн сүйлөшүү үстөлүнө чакырды. Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин сүйлөшүүлөрдү Минскиде өткөрүүнү сунуштап жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5727