"Доллар жасалма түрдө көтөрүлгөн". Экономика министри өлкөнүн резервдери тууралу айтты
RU

"Доллар жасалма түрдө көтөрүлгөн". Экономика министри өлкөнүн резервдери тууралу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын курсунун көтөрүлүшүнө байланыштуу базардагы ызы-чууларды басаңдатуу максатында, курсту кармап туруу үчүн 13 миллион долларга интервенция жасады", - деп билдирди экономика министри Данияр Амангелдиев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.

Анын айтымында, сомдун курсун кармап туруу үчүн жетиштүү каржы ресурстары сунушталган, бирок чоң интервенция курстун жасалма түрдө көтөрүлгөнүнөн көрсөтүп турат.

"Валюта курсу жасалма түрдө көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө рынокто чет элдик валютанын тартыштыгы байкалбайт. Өкмөт менен Улуттук банктын алтын-валюта резерви жарым жылга жакын убакытта экспорттук-импорттук операцияларды камсыз кылуу үчүн жетиштүү. Биз валюталарды эркин конвертациялай алабыз", - деп кошумчалады министр.

Амангелдиев ошондой эле учурда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги өнөктөштөрүнө каршы коюлган чектөөлөр жана санкцияларга байланыштуу антикризистик план иштелип жатканын билдирди.

"Мен Казакстандын жана Россиянын экономика министрлери менен сүйлөштүм, алардын да улуттук валютаны колдоо боюнча антикризистик чараларды көрөрүн айтышты", - деди ал.

Анын маалыматына ылайык ал Нефтетрейдерлер ассоциациясы, Жабдуулар ассоциациясы, ошондой эле "Дордой" базары ассоциациясы жана ири соода түйүндөрү менен жолугушууларды өткөргөн.

Кошумчалай кетсек, министрдин айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча бардык азык-түлүктөр толугу менен жеткиликтүү. Дан жана ун боюнча айтсак, республикада алдыңкы жарым жылдыктын запасы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5726