Путиндин Эл аралык дзюдо федерациясындагы ыйгарым укуктары токтотулду
RU

Путиндин Эл аралык дзюдо федерациясындагы ыйгарым укуктары токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF) Владимир Путиндин уюмдун ардактуу президенти жана элчиси катары ыйгарым укуктарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу IJF сайтында айтылат.

"Украинадагы жаңжалга байланыштуу Эл аралык дзюдо федерациясы Владимир Путиндин федерациянын ардактуу президенти жана элчиси статусун убактылуу токтоткондугун жарыялады", - деп айтылат сайтта.

Белгилей кетсек, IJFтин ардактуу президентинин ыйгарым укуктарынын сертификаты Владимир Путинге 2008-жылы ыйгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5737