"Россия эмес Беларусия болгула". Зеленский беларустарга өтүнүч менен кайрылды (видео)
RU

"Россия эмес Беларусия болгула". Зеленский беларустарга өтүнүч менен кайрылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский беларустарга кайрылды.

"Бүгүн баарыңарды референдумга добуш берүүгө чакырып жатышат. Бул адаттагыдай саясий процесстей көрүнүшү мүмкүн. Бирок азыркы учурда нормалдуу эч нерсе болушу мүмкүн эмес. Чечимдер азыр башка деңгээлде кабыл алынууда. Кечээ кечинде Украинада кайрадан аткылоо, турак жайларды кыйратуу, жарандык инфраструктураны бомбалоо болду", - деди ал.

Зеленскийдин айтымында, орус аскерлери Украинанын аймагына Беларустун аймагынан ракета учурууда.

"Сиздердин аймактан биздин балдарды өлтүрүп жатышат. Уйлөрүбүз талкаланууда, алар ондогон жылдар бою курулган нерселердин баарын жок кылууга аракет кылууда... Мунун баары силер үчүн да иш жүзүндө референдум. Өзүңөрдүн ким экениңерди көрсөтүп жатасыңар. Балдарыңардын, бири-бириңердин, кошунаңардын көзүн кантип карайсыңар. Ал эми биз болсо силердин коңшуңарбыз. Россия эмес Беларусия болгула",- деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5736