2-мартка карата Украинадагы аскер операциясы. Материал жаңыланып турат
RU

2-мартка карата Украинадагы аскер операциясы. Материал жаңыланып турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн 2-март, Россиянын президенти Владимир Путин Украинада атайын аскер операциясы өтөт деп жарыялагандан бери бир жума өттү. Азыркы тапта Украинада эмне болуп жатканын бул материалдан окуңуз. Кечээки окуяларды бул жактан таба аласыз.

В обратном порядке
Только важное
10:11
02.03.2022
Гаага шаарындагы сот качан боло турганы аныкталды

БУУнун Гаагадагы элэ аралык соту Украинанын Россияга каршы доо-арызы боюнча угууларды 7-8-мартка даайыдады, деп Би-би-синин орус кызматы кабарлады.

10:16
02.03.2022
Роскомнадзор "Дождь" жана "Эхо Москвы" сайттарын блокко салды

Россиянын генералдык прокуратурасы Роскомнадзордон "Дождь" менен "Эхо Москвы" сайттарына чектөө киргизүүнү талап кылды. Бул тууралуу ведомствонун билдирүүсүндө жазылган.

10:41
02.03.2022
Россиянын аскери Херсон шаарын алды

Айрым маалыматтар боюнча Россиянын аскери Украинанын түштүгүндөгү Херсон шаарын басып алды. Шаардын мэри өлкөнүн борбордук өкмөтүнө жана гуманитардык уюмдарга кайрылып, дары-дармек жана тамак-аш жөнөтүүнү жана жарадар болгондорду эвакуациялоону суранды.

Шаардык кеңештин өкүлү шаар үчүн жүргөн салгылашууда курмандыктар бар экенин, кадимки жашоочулар да каза болгонун Би-би-сиге айтып айтып берди.

17:51
02.03.2022
Украина Россиянын жоготуулар боюча билдирди

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабы алардын аймагында аскер операциясы башталгандан бери 5 840 россиялык жоокер каза болгонун билдирди. Андан тышкары:

  • учактар - 30;
  • тикучактар - 31;
  • танкалар - 211ге чейин;
  • аскерий бронемашина - 862;
  • артиллериялык система - 85;
  • зенит согуш аракетинин системалары - 9;
  • RSV / MLRS - 40;
  • күйүүчү май челеги - 60;
  • БПЛА оперативдик тактикалык деңгээль - 3;
  • жарык катерлери - 2;
  • автомобилдик / транспорттук каражаттар - 355 даанасы талкаланды деп маалымат таратты.

Бул маалыматтын чын-төгүнүн ырастоо мүмкүн эмес, себеби Россиянын коргоо министрлиги азыркы күнгө чейин өзү тараптагы жоготуулар боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5779