Дастан Жумабеков "улуттук" деген сөздүн аныктамасын Википедиядан окуп берди
RU

Дастан Жумабеков "улуттук" деген сөздүн аныктамасын Википедиядан окуп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коомдук телерадиокорпорацияга улуттук деген макам бериле турган болсо, генералдык директор президент тарабынан дайындалат. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта, Жогорку Кеңеште өткөн жыйында маданият жана маалымат министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, мыйзам кабыл алынса, КТРКдагы 15 адамдан турган байкоочу кеңеш жоюлат.

"Эгер буга чейин КТРКнын директору жана байкоочу кеңештин төрагасы жыл сайын парламентке отчет берип жүргөн болсо, эми гендиректор президентке гана отчет берет", - дейт министрдин орун басары.

Депутат Дастан Жумабеков КТРКнын генералдык директору Кайрат Иманалиевге кайрылып, "улуттук" деген сөзгө түшүндүрмө берсеңиз деп кайрылды.

"Бул элдин, мамлекеттин жалпы мекемесине бериле турчу, мисалы "улуттук университет", "улуттук консерватория", "улуттук филармония" деген сыяктуу өзгөчө макамга ээ мекемеге ошондой статус берилет. Бизге да ошол статус 1996-жылдан 2011-жылга чейин берилген. Азыр кайрадан ошол макамга ээ болуу үчүн мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз", - деп Кайрат Иманалиев жооп берди.

- "Улуттук" деген сөздү бир сөздүктөн, Википедиядан карап көрдүңөрбү? Маанисин?

- "Улут" деген "эл" да.

- Жо, "улут" деген эл эмес. Мен бир окуп берип коеюнчу анда. Википедияда турат да. Адамдын тилинин, маданиятынын, психологиясынын, каада–салттарынын, жашоо ыңгайынын өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган кишилердин белгилүү бир этностук жалпылыгына таандыктыгы. Көрдүңөрбү? Ал эми ошол "улуттук" деген биздин баш мыйзамда, Конституцияда турат: Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт. Ошого да көңүл буруп койсоңуздар. Мен юридикалык жагын карап коюңуздар деп жатам да.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5790