Даниядагы цирк Атай Өмүрзаков менен кызматташуудан баш тартты
RU

Даниядагы цирк Атай Өмүрзаков менен кызматташуудан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинадагы кырдаал боюнча Кыргызстандын ээлеген позициясынан улам Дания өлкөсүндөгү цирк Атай Өмүрзаков менен кызматташуудан баш тартты. Бул тууралуу бийчи Kaktus.kg'ге билдирди.

Артисттин айтымында ага агенти телефон чалып, келишим жокко чыгарылганын билдирген.

"Биз жыл сайын Европада иштечүбүз, ошону менен наныбызды табабыз. Бүгүн агентибиз телефон чалып, цирктин буйругун жарыялады. Концерт ушул жылдын апрель айында башталмак. Узак пандемиядан кийин быйылкы жылды чыдамсыздык менен күтүп жатканбыз. Аябай капа болуп турам. Пост жазганда да болушунча кармандым. Биздин өлкө Венесуэла деген өлкө сыяктуу агрессорго колдоо көрсөтөт деген статус алып калганыбызга кейип жатам", - деди Өмүрзаков.

Атайдын божомолунда алардын группасы менен бардык Европа өлкөлөрү кызматташуудан баш тартат.

"Беш киши болуп үч-төрт ай Европаны кыдырмакпыз. Менимче бардык Европа өлкөлөр келишимди бузушат. Биз ушуну менен жан багып келгенбиз. Эми кесибимди алмаштырууга туура келет", - дейт бийчи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5798