Казакстандагы Kinopark кинотеатрлар түйүнү жабылды
RU

Казакстандагы Kinopark кинотеатрлар түйүнү жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандагы Kinopark кинотетарлар түйүнү жабылууга аргасыз. Кайра качан ачылат белгисиз, деп Tengrinews.kz жазды.

"Тилекке каршы, Россия аркылуу кызматташкан чоң голливуд компаниялары бизге кино жиберүүдөн баш тартып жатышат. 1-апрелден тартып көрсөтө турган кинолорубуз жок. Ошондуктан Kinopark-Kinoplexx 1-апрелден тартып белгисиз мөөнөткө жабылат. Реалдуулук ушундай болуп жатат", - дейт кинотеатрлар түйүнүнүн жетекчиси Алмаз Малдыбаев.

Мындан мурун кыргызстандык Cinematica кинотеатрлар түйүнү 2-мартка пландалган "Бэтмен" тасмасы көрсөтүлөт, ал эми андан аркы кинопремьералар эмне болот белгисиз, деп билдирген болчу.

Эске салсак, что Walt Disney, Warner Bros., Sony Pictures жана башка кино компаниялар Украинадагы кырдаалга байланыштуу Россиядагы премьераларын токтотуп коюшкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5879