Россияда америкалык кинолорду көрсөтүүгө тыюу салынды
RU

Россияда америкалык кинолорду көрсөтүүгө тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинадагы кырдаалга байланыштуу америкалык The Walt Disney Company Россиянын аймагында кинолорун көрсөтүүнү убактылуу токтотту.

Кийинчерээк ушундай эле чечимди Warner Bros компаниясы да кабыл алып, 2-мартка пландалган "Бэтмен" киносунун бет ачарын токтотту.

Жогорудагы компаниялардын аракетин Sony Pictures колдоп, 24-мартка пландалган "Морбиус" киносунун Россиядагы прокатын жана буга чейинки кинопремьералардын бардыгын жыйыштырды.

Бойкоттун мөөнөтү Украинадагы кырдаалдан көз каранды.

Ал эми бул көрүнүш Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет?

Кыргызстанга чет элдик тасмаларды "Синематика" компаниясы алып келет. Кыргызстан орус тилдүү контентти колдонгондуктан кызматташуу Россия аркылуу жүргүзүлүп келген. "Синематика" тармагына өлкөдөгү эң чоң кинотеатрлардын көбү кирет. Компания билдиргендей, 2-мартка пландалган "Бетмэн" көрсөтүлөт, ал эми андан аркы кинопремьералар эмне боло турганы белгисиз.

"Бэтмен" боюнча айта турган болсок, Россиядагы чектөөлөргө карабастан бизде премьерасы болот. Анткени биз көрсөтүүгө керектелүүчү материалдардын бардыгын алып, билеттерди сата баштаганбыз. Бирок башка премьералар эмне болот билбейбиз. Россияда тыюу салынганы менен биздин регион Кыргызстан, Казакстан жана башка өлкөлөр белгисиз абалда турабыз. Россиядагы киностудиялардын өкүлдөрүнөн жооп күтүп жатабыз", - деп "Синематика" маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5760