Баласын таштап кеткен эне баланы кайра өзүнө ала алабы?
RU

Баласын таштап кеткен эне баланы кайра өзүнө ала алабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7-мартта милиция бишкектеги батирлердин бирине баласын таштап кеткен эне табылды деп билдирген. Кийинчерээк так маалыматты бере турганын айтышкан.

Азырынча эненин ниети белгисиз. Бирок Бишкек мэриясынын социалдык коргоо башкармалыгы маалымдагандай, эгер ал баласын өзүнө алып кетүүнү чечсе, өз баласы экендигин документ жүзүндө же күбө катары көрсөтмө берип тасыктоого тийиш.

"Андан кийин бул ишти балдар иши боюнча комиссия карайт. Эгер далилдей албаса, анда бала жетим катары таризделип, аны бала багып алууну каалагандарга беришет", - деп түшүндүрүштү.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун айтымында энеси баланы көрүп келе элек. Бирок ооруканага баланы багып алууну каалагандар аябай көп келип жатышат. Медиктер аларга бардыгы юридикалык жол менен чечиле турганын билдирүүдө. Дарыгерлердин айтымында, баланы үйүнө таштап кеткен аял дагы ымыркайды багып алам деп жатат.

Эске салсак, 4-март күнү кечинде Бишкектеги батирлердин бирине бала таштап кетишкен. Берилген маалыматка ылайык, болжол менен кечким саат 21:00до эшикти бирөө такылдатып, качып кеткен. Босогодо одеялого оронгон жаңы төрөлгөн ымыркай жатыптыр. Жанында кагазы бар бар болчу. Анда: "Бакканга шартым жок. 01.03.2022-ж төрөлгөн күнү" деп жазылган. Тез жардам кызматы аны Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жеткирип, ал медициналык текшерүүдөн өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5886