Белгисиз бирөө Бишкектеги үйдүн алдына бала таштап кеткен
RU

Белгисиз бирөө Бишкектеги үйдүн алдына бала таштап кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

4-март күнү кечинде Бишкектеги батирлердин бирине бала таштап кетишкен. Бул маалыматты Kaktus.kg редакциясына тез жардам кызматынан тастыкташты.

Берилген маалыматка ылайык, болжол менен кечким саат 21:00до эшикти бирөө такылдатып, качып кеткен. Босогодо одеялого оронгон жаңы төрөлгөн ымыркай жатыптыр. Жанында кагазы бар бар болчу. Анда: "Бакканга шартым жок. 01.03.2022-ж төрөлгөн күнү" деп жазылган.

Тез жардам кызматы наристени текшерип, ден соолугу жана жалпы абалы жайында экендигин бирок аябай суусаганын аныкташкан. Тез жардам кызматынын кызматкерлери баланы эне жана баланы коргоо борборуна жеткиришкен.

Эне жана баланы коргоо борбору бала болжол менен 00:00до 5-мартта келип түшкөндүгүн билдиришти. Учурда анын абалы туруктуу. Бирок педиатрлар баланын жүрөгн текшерүү керек деген жыйынтыкка келишкен. Анын туугандарынан эч ким келген жок. Ошого байланыштуу азырынча дарыгерлер кам көрүп жатышат. Баланын салмагы 2,5 кг, бою 52см.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5847